Ысык-Көл өндүрүшүнө "Кумтөрдөн" түшкөн каржаттын 40% жөнөтүшөт

2013-жылы "Кумтөр" бөлүп берген каржаттын 40% өндүрүш ишканаларына жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта, Ысык-Көл облусундагы бийликтин ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов маалымдады.

Анын айтымында, учурда облуста мамлекеттин үлүшү бар 40 өндүрүш ишканалары токтоп турат. "Кумтөрдүн" Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондуна бөлүнгөн каражатты өндүрүштөргө жумшоо зарыл. 2012-жылы "Кумтөр" бөлүп берген 248 млн сомго 304 объект курулуп, же анда оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Бул балдар бакчасы, мектептер, ооруканалар, спорт залдары ж.б. социалдык мекемелер", - деди Асанакунов.

Ысык-Көл облусунун өнүгүү фонду 2012-жылы убадаланган 465 млн сомдун ордуна 248 млн сом алган. Мунун себебин кендин толук кандуу иштебегенине байланыштырып жаткандыгын бийликтин өкүлү кошумчалады


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД