Руслан Акун: Пират дисктеринин сатуучулары ЭККМКнин кызматкерлерине кол салышты

"Менин тасмамдын пираттык копияларын сатуучулар Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине кол салышкан", - деп бүгүн, 6-мартта "Салам, Нью-Йорк" тасмасынын режиссеру Руслан Акун билдирди.

Анын айтымында, 28-февралда бир нече интернет-сайттарда белгисиздер тарабынан жасалган тасманын көчүрмөсү пайда болгон. "Биз аны билген соң, сайттын администрациясына кайрылдык. Пираттык көчүрмө дароо алынып салынган. Бирок 4-мартта көчүрмө көбөйтүлүп, базарда сатылып жатат деген маалымат түшкөн", - деди режиссер.

Акун текшерүү уюштуруп жатканда базарлардагы соодагерлерде дисктин жок экени белгилүү болуп, алар эртеси болоорун айткандыгын кошумчалады. "Мен дароо Кыргызпатентке менин интеллектуалдуу менчигимди коргоп берүүсүн суранып кайрылгам, себеби, бул иш-аракеттер автор катары мага зыянын тийгизип жатат. Эртеси 5-мартта биз ЭККМКнын өкүлдөрү менен мыйзамсыз сатылып жаткан товарды алуу үчүн базарга жөнөдүк", - деди Руслан Акун.

"Акундун айтымында, соодагерлер жүрүм-туруму агрессивдүү болуп, алар кызматкерлерге тоскоолдук кылганга аракет кылышкан. Үч эркек киши түрткүлөшүп, баш ийбестик көрсөтүшкөн. Алардын бири спортсмен окшойт, тынчтандырганга аракет кылган кызматкерге карата күч колдонгон", - деп режиссер нааразычылыгын билдирди.

Учурда бардык пираттык товарлар Кыргызпатентте андан аркы экспертиза жүргүзүү үчүн сакталып турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД