"Кумтөрдө" иштеген жумушчу компаниядан 92 миллион сом доолап жатат

"Кумтөр Оперейтинг компани" ЖАКсы анын мурунку жумушчусу Александр Жевнаренконун арызы тууралуу пикир бөлүштү.

Эске салсак Жевнаренко "Кумтөрдөгү" жумуш аны майып кылганын "ВБ"га билдирген.

Документтерге ылайык Жевнаренко 80 тонна ташуучу "Катерпиллер 777В" карьердик самосвалдын айдочусу болуп, 2002-жылдын 22-майдан 27-майга чейин болгону 5 күн иштеген. Ушул учурдан тартып, өз ыктыяры менен 28-майда иштен бошотулганга чейин ал жумушка чыккан эмес. Жумушка чыкпагандыгынын себебин да даана түшүндүрө алган жок.

Мамлекеттик эмгек инспекциясы үч жолу текшерүү жүргүзүп (анын акыркысы 2010-жылдын жай айында болгон), эмгек мыйзамынын бузулгандыгын жана компания тараптан өндүрүштөгү коопсуздук эрежелери бузулгандыгын аныктаган жок. Ошонун натыйжасында, шопурдун арызын негизсиз деп тапкан.

Жевнаренко кайрылуусу менен бир нече жолу медико-социалдык эксперттик комиссия да аны кароодон өткөрүп, майыпчылыктын белгилери жок деген тыянак чыгарган.

Жумуштан чыкканына 10 жыл өткөнүнө карабастан, Жевнаренко бир нече жолу сотко арызы менен кайрылган. Кайрылуунун себептери ар башка болуп келген: бирде компания айлык маянаны туура эмес эсептеди десе, бирде төлөнбөгөн айлыктын пайызы эсептелбей калган деп жазган. Арыздарында ал миллиондогон сомдорду талап кылган.

Компания өз күнөөсүн мойнуна албаса дагы, бир нече жолу маселени өз ара чечишип алууга сунуш киргизген. Бирок жумушчу моралдык компенсация катары 92 миллион сом төлөп берүүсүн доолап, ага кошумча аны өмүр бою каржылоосун талап кылган.

Жевнареко өзүнүн оорусунун диагнозу тууралу компанияга эч кандай тастыктоочу кагаздарды көрсөтө элек.

"Кумтөр оперейтинг компани" өзүнүн кызматкерлерине карата, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамында жазылган бардык нормаларын так сактап келээрин баса белгилейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД