Депутаттар аялдарды митинг учурунда калкан болуп бербөөнү суранышты

"Митинг уюштуруучулар акыркы кезде аялдарды калкан катары колдонууну эп көрүп калышты", деп бүгүн, 7-мартта, КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина айтты. Ал камакта отурган депутаттарды колдоо пикетине Жалал-Абаддагы 150 баатыр эне алынып келгендигин эскертти. "Кимге ушундай ой келди болду экен? Бул уюштуруучулар үчүн өтө уят иш. Мындай саясатты согуш учурунда фашисттер колдонгон. Алар эне жана балдардан өздөрүнө калкан жасашкан. Бүгүн баатыр-энелер обладминистрацияларга чабуул жасап жатышат. Урматтуу энелер, эч кимдин саясий кызыкчылыгы үчүн өзүңөрдү колдонууга жол бербегиле", - деди Карамушкина.

Анын пикирине социал-демократ Ыргал Кадыралиева да кошулду. "Байбичелер, жээн-неберелерине акыл-насаатын айтып төрдө отуруш керек. Ар жактагы пикеттерге чуркабай", - деди ал.

Эске салсак, бир нече күн мурда Жалал-Абад жана Каракол шаарларында "Ата-Журт" партиясынын жактоочулары, камакта отурган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуусун талап кылып, митингге чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД