Аким Тоң районуна тезирээк эркин экономика зонасы статусун берүүнү суранып жатат

Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев районго эркин экономика зонасы статусун берүү процессин тездетүүнү суранып жатат. Бул тууралуу ал кечээ, 6-мартта, Ысык-Көл облусу боюнча журналисттердин пресс-турунда айтып берди.

Анын айтымында, Тон районуна ЭЭЗ статусун берүү маселеси парламентте каралууда.

"Бул райондо кыргыз кинолорунун 70% тартылган. Ошондой эле климат жана жаратылыштын кооздугу чет элдик киночуларды да кызыктырып келет. Ушул себепке байланыштуу, районго ЭЭЗ статусун берүү процессин тездетүү зарыл", - деди аким.

Тасма жаратуучулар, эркин экономика зонасында кино тартып жатып, салыктардан бошотулат. Мындай шарттар, акимдин пикири боюнча, киноишмерлердин агылып келишине алып келмек, ал эми ЭЭЗ "Киностан" облустун экономикасын көтөрүүгө көмөктөшмөк.

"Бул демилге мультипликативдик эффект берет. Келечекте тасма жаратуучулар ЭЭЗде кино тартып жатып массовкаларга жергиликтүү жашоочуларды чакырып, жумушчу орундарды да жаратышмак. Андан тышкары, жергиликтүү тургундар тасманын катышуучуларына мейманкана жана тамак аш сатып күнүн өткөрүшмөк", - деди Рыспаев.

Тоң районунда Түркия, Азербайжан жана Россиянын киноишкерлери көчмөндөр жөнүндө кино тартууну пландап жатышканын, анын бюджети 10 миллион доллар болоорун чиновник кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД