Бишкекте мас айдоочу үч унааны сүздү

Бишкекте мас айдоочу жолдун четинде турган үч унааны сүзгөн. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Авария Жибек Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 1977-жылы Жети-Өгүз районунда туулган жаран БМВ – Х5 машинесин айдап баратып жол четинде турган эки маршрутканы жана бир "Тойота Королла" жеңил автоунаасын сүзгөн.

Жол кырсыгынын натыйжасында биринчи бусиктин жүргүнчүлөрү жабыркаган: 1993 жана 1994-жылдары туулган эки жигит жана 5 жашаар уулу менен 25 жаштагы келин. Алардын бардыгы бейтапканага жеткирилген.

Экспертизанын натыйжасында БМВнин шоопуру мас абалда экени аныкталган.

Автотехникалык жана башка экспертизалар да дайындалган. Жол кырсыктын себептери иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД