Генпрокурор: Аялдар катышкан кылмыш иштери көбөйдү

Бүгүн, 12-мартта, кылмыштуулук менен күрөшүү жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин отурумунда генералдык прокурор Аида Салянова депутаттардын алдында 2012-жылдын отчету менен чыкты.

Салянова былтыркы жылы аялдар тарабынан жасалган кылмыш иштери көбөйүп кеткендигин белгилеп, 2011-жылга салыштырмалуу 2 043кө көп болгондугун айтты.

"2012-жылы өспүрүмдөр катышкан кылмыш иштери 8% азайды. 19% киши өлтүрүү жана кол салуу кылмыштары азайган. Ошондой эле зордуктоо да мурунку жылга салыштырмалуу төмөндөгөн", - деди Салянова.

Мамлекеттин көзөмөл жүргүзүүчү органынын жетекчисинин айтымында, каралып жаткан иштер боюнча зыян келтиргендиги үчүн акы төлөп берүүлөрдүн эсебинен мамлекеттик казынага миллиарддан ашык каржат түшүшү керек эле. Бирок сөз акчалай акы жөнүндө болгон жок. Көпчүлүгү материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылат. Салянованын айтымында, бардык иштер аягына чыгайын деп калды. Профилдик комитеттин жетекчиси Кенжебек Бокоев белгилегендей, прокуратурадан түшкөн каржатты бюджет бөлүштөрүүдө да эске алуу зарыл.

Эскерте кетсек, бүгүн профилдик комитет генералдык прокурордун 2012-жылга карата отчетун угуп жатат. Андан соң отчет палатанын отурумунда каралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД