Депутаттар БШК үчүн ай сайын бөлүнгөн 400 литр бензинге нааразы

Бүгүн, 12-мартта, кылмыштуулук менен күрөшүү, укук жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин жыйынында БШКнын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов, катардагы жаран катары ал жөнөкөй машине тээп жүрө алат, бирок БШКнын жетекчиси катары ал "жакшы унаа тээп" жүрүүгө укуктуу экенин билдирди.

Эске салсак, "Кыргызстан жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин жетекчиси Жеңиш Молдокматов Абдраимовду "Лендкрузер" тээп жүрүп, салык төлөөчүлөрдүн акчасын дайыны жок коротуп жатат", деп күнөөлөгөн.

"Менде кызматтык унаа сатып алууга уруксатым бар. Бизди бардыгы карап турат, башка өлкөлөрдөн келишет, ким эмне тээп жүргөнүн байкашат. Биз баардыгына эле акчабыз жок дей беребизби, статусту да ойлош керек. Мени откат алып жатат деп күнөө койбосу үчүн унааны базардан эмес автодүкөндөн алууга аргасыз болдум", - деди БШКнын жетекчиси.

Мындан тышкары, БШКнын жетекчисине ай сайын 400 литр бензин бөлүнөөрү белгилүү болгон. Депутаттарга ай сайын 10 литр бензин бөлүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД