Сокулукта "Хизб ут Тахрир" баракчаларын таркатуучу кармалды

11-мартта Сокулук айылында ыкчам-иликтөө иш чаралардын натыйжасында экстремисттик материалдарды таркатуу фактысы аныкталган.

ШИИБнин 10-башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун жана Сокулук РИИБсинин кызматкерлери менен биргеликте 39 жашаар жергиликтүү жашоочуну камакка алышты. Ал улуттар аралык араздашуунун козгоп жатат деп күнөөлөнүп жатат.

Шектелип жаткандын үйүнөн тинтүү жүргүзгөндө, милиция кызматкерлери "Хизб ут Тахрир" радикалдуу-экстремисттик уюмдун 12 баракчасы жана 8 диски табылган. Анын "Хизб ут Тахрирдин" мүчөсү экендиги аныкталган.

Жогорудагы факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД