Уулдарын жоготкон энелер вице-премьер-министрге соттордун иши боюнча даттанышты

Бүгүн, 12-мартта, вице-премьер-министр Камила Талиева, июнь окуясынан кийин уулдарын жоготкон энелерди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтуу саясат бөлүмү маалымдады.

Энелер сотторго нааразычылыгын билдиришти. Алардын айтымында, соттордун кабыл алган чечимдери "кандайдыр бир логикага же мыйзамга туура келбейт".

Ошондой эле алар социалдык кызматтарга дооматтары бар экенин айтышты. Кызматкерлер жабыркагандарга тиешелүү социалдык жеңилдетүүлөрдү каттабагандыгын маалымдашты.

Андан тышкары Ош шаарындагы турак-жайды бөлүштүрүү маселеси да тегиз каралбагандыгын айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД