ТИМдин жетекчиси ЖККУнун генкатчысы менен келээрки жыйындарга даярдык көрүштү

Бүгүн, 12-мартта, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун генералдык катчысы Николай Бордюжа менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынан билдиришти.

Тараптар келээрки жылы Кыргыз Республикасынын төрагалык кылып жаткан иш чаранын жүрүшүнө карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу ой бөлүшүштү.

Маселен, ЖККУнун Бишкектеги – Тышкы иштер министрлигинин биримдиги, Коргонуу министрликтердин биримдиги, Коопсуздук кеңешменин катчылар комитети жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздуктун кеңешмеси уставдык органдардын келээрки жыйындарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД