Сатыбалдиев чиновниктерге "Кумтөр" боюнча келишимди окуп чыгуусун талап кылды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКсынын 2009-жылкы макулдашууну так сактоосун аныктап жаткан атайын мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү болгон чиновниктерди ал документти кунт коюп окуусун талап кылды. Бул тууралуу "ВБ"га мамлекеттик комиссияга тартылган эксперттердин бири айтып берди.

Анын айтымында, сын пикирлерди айтып жаткан чиновниктердин көпчүлүгү документтин өзүн такыр көргөн эмес, же болбосо үстүртөдөн гана таанышкан.

Эске салсак, 21-февралда, парламент "Кумтөр" боюнча токтомду кабыл алган. Андан мурун талкууланып жаткан проект, кийин негиз катары алынган.

Бул учурда, өкмөт мүчөлөрүнөн, мамкомисииянын мүчөлөрүнөн жана Жогорку Кеңештин депутаттар тарабынан компанияда орун алган ар түрдүү мыйзам бузууларга жана макулдашуунун өзүнө далай сын-пикирлер айтылган. Мамкомиссиянын төрагасы Темир Сариев өндүрүш сүйлөшүлгөнгө караганда салыкты кыйла аз төлөөрүн айтуудан тажаган эмес. Ошондой эле салык режимин өзгөртүүнү талап кылып, коомчулуктуу жаңылткан. "Кумтөр" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, табышкан чиновниктерди да чыккынчылык кылгандеп күнөөлөп, жоопкерчиликке тартуу аракети болгон. Жалпысынан "Кумтөр" боюнча макулдашуудан бир тараптуу баш тартуу сунушталган.

Белгилей кетчү нерсе, 2012-жылы "Ата Журт" партиясынын депутаты Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында мамкомиссия түзүлгөн. Комиссия ишинин жыйынтыгын 20102-жылдын июнь айында кызуу талкууланган. Анда Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча макулдашууну коррупциялык деп таанып, токтом кабыл алган. Ошол эле учурда Жапаровдун комиссиясынын мүчөлөрү алдын ала "Кумтөр" боюнча төрт токтом даярдашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД