Өмүрбек Текебаев: Cаясий элитанын жаш мууну – агрессивдүү жана алкымы чоң

"Кыргызстандын саясий элитасындагы муун алмашуусу сезилбейт. Себеби, жаштар эски муундун агрессивдүүлүк жана алдым-жуттумун эки эселенген формада кабыл алышты", - деген пикирин бүгүн, 13-мартта, "Ата Мекен" парлементтик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Бул Аламазбек Атамбаевдин кечээки КТРКда интервью берип жатып, Кыргызстанда саясий элитанын муун алмашуусу зарыл деген билдирүүсүнө жогорудагыдай комментарий берди.

Текебаевдин айтымында, элитанын алмашуусу бул – "көп мээнетти, көп пландуулукту талап кылган узак жана өтө оор жумуш"."Кээ бирлер муну, жаштар келсе эле өзгөрөт деген баналдуу ой жүгүртүшөт. Биринчи кезекте бул жүрүм-турумдун, көз-караштын, ой-жүгүртүүнүн алмашуусу. Айрыкча стереотиптердин жана моралдык ориентирлердин элитадагы өзгөрүүсү", - деди фракция лидери.

Учурдагы жаш саясий элита, эски муундун баардык кемчиликтерин өздөрүнө алып калышты. Алкымы чоң, агрессивдүү жана бетпак. Алар эч кимден жана эч нерседен коркушпайт, уялышпайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД