Мыйзам чегинен чыккан митингчилерге карата атайын чаралар көрүлөт

"Митингчилердин мыйзам чегинен аша чаап кеткен иш-аракеттери милиция тарабынан тизгинделет", - деп бүгүн, 13-мартта, "ВБ"га ички ишетр министринин орун басары Кашкар Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү митинг учурунда тартипти сактоо максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери, биргелешкен милиция отряддары, атайын бөлүмдөрдүн составдары көзөмөл салышат. "Эгер мыйзам бузуулар катталса, милиция тарабынан чаралар көрүлүп, митингчилер туш-тарапка айдалат", - деди министрдин орун басары. Ошондой эле боло турган митингге бийлик тарабынан уруксат берилгенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД