Оппозицияга Ала-Тоо аянтында гана митинг өткөрүүгө уруксаат беришти

"Оппозициянын митинги мурда айтылгандай "Ак үйдүн" алдында эмес, Ала-Тоо аянтындагы Манас эстелигинин алдында өтөт", - деп бүгүн, 13-мартта, ШИИБнин жетекчиси Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, митинг учурундагы тартипке биринчи май РИИБсинин милиция кызматкерлери көзөмөл жүргүзүшөт. Эгер аянттагы акыбал начарлай баштаса, төрт райондун тең РИИБлеринен жана ИИМдин борбордун аппаратынан кошумча күчтөр тартылат.

Учурда аянтта атайын чектөөлөрдү орнотушууда.

Турганбаев митингчилерге "Ак үйдүн" алдына барганга уруксаат берилбегенин айтты. "Митингчилердин саны өтө көп болоору алдын ала айтылган. "Ак үйдүн" алдына баардыгы батышпайт, алар газондорду тепселешет", - деп ШИИБнин жетекчиси кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД