Автобустун шопурунун акчасын уурдаган өспурүм кармалды

13 жашаар бала жүргүнчү ташыган автобустан шопурдун акчасын уурдаган. Бул тууралуу борбордук ШИИБнин басмасөз кызматы маалымдады.

Кечээ, 12-мартта, саат 14:00дө, Чыгыш автобектинен өспүрүм бала таш менен автобустун терезесин чаап, андагы акчаларды уурдап качкан. Свердлов районунун милиция кызматкерлери ууру өспүрүмдү дароо эле табышкан. 13 жашаар бала Лебединовканын тургуну экени аныкталган.

Укук коргоо органдарына уурунун ата-энеси чакыртылып, алар менен профилактикалык баарлашуу жүргүзүлгөн. Мындан ары өспүрүм бала учетко тургузулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД