Эртең Бишкектин айрым райондору суусуз калышат

Эртең, 14-мартта, саат 9 дан 17ге чейин "Северный" суу заборундагы профилактикалык иштерге байланыштуу борбор калаабыздын айрым райондоруна суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын пресс-кызматы билдирди.

"Бишкексууканалдын" маалыматына ылайык Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Ала-Арча дарыясын бойлогон аймактарда, "Красный строитель" районунда, "Көлмө", "Ак-Тилек", "Алтын-Бешик", "Саламалик" конуштарында, "Химиялык завод" өндүрүшүндө, Автобекет жана автостанциялардын Чүй бирикмесинде, №18 орто мектепте, Краснонцев көчөсүндөгү Аскерий колледжде, Илимдер академиясынын биотехнологиялык институтунда, "Электросила" кооперативинде, "Хисар" ЖЧКсында, Фере көчөсүндөгү "Бишкектурбаза" туркомплексинде, шаардык ургак учук бейтапканасында, Махатма Ганди көчөсүндөгү биринчи май военкоматында, Васильев, Урицкий көчөлөрүндөгү жана Жаш Гвардия бульварындагы "Бишкектеплокоммунэнерго" котельныйларында жана "Бишкексууканал" автобазасында суу жок болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД