Бекешев: Иш кагаздардын мамлекеттик тилге өтүшү менин укугумду тебелегенге жатат

"Ар Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешевдин пикири боюнча, мамлекеттик органдардагы иш кагаздарынын мамлекеттик тилге өткөрүлүшү, кандайдыр бир деңгээлде анын укугун тебелеп жатат. Бул тууралуу депутат бүгүн, 13-мартта, парламенттин отурумунда билдирди.

Бекешевдин айтымында, эгер иш кагаздары кыргыз тилине өткөрүлсө, ал мындан ары маморгандарда иштей албай калат. Себеби, Бекешев 100 пайыз көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

"Учурда мен мыйзамдарды орус тилинде атайын үн коштолгон программанын жардамы менен окуйм. Ал эми кыргыз арибинин тамгалары жазылган программа жок. Мен деле кыргыз тилинин өнүгүшүн каалайм. Бирок атайын даярдык көрбөй туруп иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүп салса, анда мен сыяктуулар мамлекеттик кызматтарда иштей албай калышат", - деди депутат.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко да бул мыйзам долбоорду колдогонун билдирди. Себеби, мамлекеттик тилди өнүгүүсүн зарыл деп эсептейт. Бирок мыйзам долбоорун сунуштап жаткандардын ыкмаларына макул эместигин билдирди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча бардык мамлекеттик органдардагы иш кагаздар мамлекеттик тилде жүрүүсү керек.

Мыйзамдын негизги демилгечилери - "Республика" фракциясынан Урмат Аманбаева, "Ата Журт" фракциясынан Курмантай Абдиев, КСДПдан Эгемберди Эрматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД