Парламенттин спикери: Кыргыз тили менен кошо орус тилин да өнүктүрөбүз

"Кыргыз тили менен кошо орус тилин да өнүктүрөбүз", - деди бүгүн, 13-мартта, бир катар мыйзамадарга өзгөртүү киргизүү тууралуу жыйын учурунда парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков.

Анын айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү тууралуу талкууланып жатканда башка тилдерди басынтуу тууралуу сөз да болгон жок.

"Учурда орус тилин үйрөнүүгө суроо талап бар. Демек биз элдерди орус тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпашыбыз керек. Мен жана менин балдарым Чехов, Достоевский, Толстой, Пушкин жана Лермонтовду алар жазган тилде окуй алганыма абдан кубанам. Кыргыз тилин өнүктүрүү деген сөз орус тили жок болуш керек дегендик эмес. Тил боюнча маселелерди саясатташтыруунун кереги жок", - -деди Жээнбеков.

Эске салсак, сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча бардык мамлекеттик органдардагы иш кагаздар мамлекеттик тилде жүрүүсү керек.

Мыйзамдын негизги демилгечилери - "Республика" фракциясынан Урмат Аманбаева, "Ата Журт" фракциясынан Курмантай Абдиев, КСДПдан Эгемберди Эрматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД