Военно-Антоновкада тикмечиликти өнүктүрүү максатында технополис салышат

Военно-Антоновкалык айыл округунун территориясында тикмечилик тармакты өнүктүрүү максатында заманбап технополис салынат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта, "Мода индустриясы: буюмдар жана шаймандар-2013" VII Эл аралык жарманке-көргөзмөсүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, вице-премьер-министр Тайрбек Сарпашев билдирди.

"2012-жылдын жыйынтыгында текстилдик жана тикмечилик өндүрүштөрдө 9 млрд 252 млн сомдук продукция иштелип чыккан. Анын ичинен текстиль өндүрүшү 1 млрд 223 млн сомдук жана тикмечилик 8 млрд 29 млн сомдук продукция", - деди вице-премьер.

Сарпашевдин билдирүүсүнө ылайык Чүй облусундагы Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл округунун территориясынан жакынкы аралыкта 50 гектар жер бөлүнөт. "Бул жер тилкесинде 10 миң жумушчу орунду түзгөн 35тен ашуун өндүрүштү жайгаштыруу пландаштырылып жатат", - деди Сарпашев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД