Омбудсмендин өкүлү УКМК СИЗОдогу Сабировго жолукту

Кечээ, 12-мартта, омбудсмен Турсунбек Акундун тапшырмасы менен акыйкатчы аппараттын кызматкери УКМК СИЗОдо камакта отурган социалдык өнүктүрүү экс-министри Равшан Сабировго жолукту. Сабиров бала асырап алуу боюнча Италиянын эл аралык компаниясынан ири көлөмдөгү пара алгандыгы үчүн камакка алынган. Бул тууралуу укук коргоочунун басмасөз кызматы маалымдады.

Омбудсмен аппаратынын өкүлү Сабировдун СИЗОдогу отурган шарттары менен таанышып чыкты.

Кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Сабиров жүрөк оорусу менен ооруп келет жана врачтын көзөмөлүнө муктаж. Камактагы шарттарга жана УКМК СИЗОнун кызматкерлерине эч кандай дооматтары жок.

Мурда билдирилгендей, Сабировго мүлкүн конфискациялоо менен беш жыл камакта отуруу сот чечими чыккан.

Экс-министр Бишкек шаардык соттун чечими менен макул эместигин билдирип, КРдин Жогорку сотуна кайрылуусун жолдогон. Себеби, анын пикири боюнча процессуалдык нормалар одоно бузулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД