Парламенттик ассамблея өкүлдөрү НАТОго келээрки семинар тууралуу айтып беришти

Кечээ, 13-мартта, вице-спикер Асия Сасыкбаева НАТОнун парламенттик ассамблеясынын (НАТО ПА)генералдык катчысынын орун басары Руксандра Попа, НАТОнун ПАнын жарандык коопсуздуктй көзөмөлдөө комитеттин секретариатынын директору Андрюс Авизиус жана "Роуз-Рот" семинарынын директору Роберто Калорио менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы маалымдады.

НАТО ПАнын "Роуз-Рот" аттуу семинары Бишкекте май айында өтөт. Сасыкбаева иш-чаранын программасына региондогу маалыматтык коопсуздук маселесин да кошууну сунуштады.

Семинарда негизинен Борбордук Азия регионундагы коопсуздук маселеси талкууланат. Андан тышкары ар түркүн темалар боюнча ой бөлүшүү жүрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД