Соттолуп жаткан атажуртчулардын туугандары жабыркагандар менен уруша кетишти

Бүгүн, 14-мартта, "Ата Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун сот ишин кароосу Бишкектин Биринчи май райсотунда улантылды. Процесстин башталышында мамлекеттик коргоо кызматынын кызматкерлери менен соттолуп жаткандардын туугандарынын ортосунда кайым айтышуу болду.

Соттолуп жаткан депутаттардын туугандарынын айтымында, күч структураларынын кызматкерлери сот залында алардын оордун ээлеп алышкан. Туугандар кыйкырып, МККнын кызматкерлеринен сот залынан чыгып кетүүнү талап кылышкан. "Баардыгыңар саткынсыңар, бийликтин заказы менен гана иштейсиңер. Биз силерге элди тепсеп жаткан күндөрүңөрдү эскертебиз", - деп ызы-чуу салышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД