Эки жаңы конушта эки миң киши документсиз

"Балдарды коргоо борбору" коомдук фонддун адистери тарабынан өткөрүлгөн социалдык сурамжылоого ылайык, борбор шаардагы "Дордой-1" жана "Дордой-2" жаңы конуштарында эки миңден ашуун адамдын паспорту, же күбөлүгү жок. Демек, алар мыйзам боюнча кепилдик берилген билим алуу жана медициналык камсыздоо укугунан ажыратылган.

Бул адамдардын баардыгы ички мигранттар, - дейт "Балдарды коргоо борборунун" башкы адиси Гладис Темирчева. Алардын баардыгын бир көйгөй бириктирет – бул документтерди алуу оорчулугу. Акыбалды алардын кайсы жака кайрылуусу керек экенин билбегендиги да кыйындатып турат.

27 жаштагы Туратбек Рысалиев Нарын жергесинин кулуну. Бирок Казакстанда чоңойгон. Ал жака энесинин каза болгондон кийин атасы менен кошо кетип калган. Кийин 13 жашында кайра кайтып келген. Туратбек көп жылдан бери паспорт ала албай келет.

"Паспорттук столдо энеңдин паспортун алып кел деп жатышат. Бирок мен анын паспортун кайдан алам? Анын каза болуп калганына көп жылдын көзү болду. Кайсы жерге гана кайрылган жокмун, бирок эч жерде эмне кылышым керектигин так-даана эч ким түшүндүрүп бере албайт. Кызым да күбөлүгү жок чоңойуп жатат. Себеби менин паспортум жок", - деди Туратбек.

Документине кабаатыр болуп, Туратбекке окшоп чырылдап жүргөндөр жокко эсе. Көпчүлүгү бул тууралуу кооптонушпайт дагы.

Улгайып калган Элмира Дюйшеева төрт небересин жалгыз багат. Уулу келини экөө Россияга иш издегени кетишкен. Ошондон бери экөөнөн тең кабар жок. 12 жашар Сыймык жана 10 жашар Айдай менен кошо Дордой базардан картон коробкаларды чогултуп, аларды кайра өткөрүп, ошонун эсебинен жашап келишет. 2500 пенсиясы ижарага алып жаткан бөлмөнүн акысын төлөгөнгө кетет. Неберелери мектепке да бакчага да барышпайт. Себеби, документтери жок.

Бул адамдарга жардам берүү зарыл. биздин мамлекеттеги ички мигранттар накта дискриминацияга кабылып жатышат, - деген пикирин Гладис Темирчиева билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД