Билим берүү тармагындагы мыйзамдар антикоррупциялык экспертизадан өткөрүлөт

Президенттик аппаратынын жетекчисинин буйругу менен билим берүү тармагындагы укуктук нормативдик актыларды антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Белгиленгендей, жумушчу топ билим берүү боюнча коомдук эксперттик кеңештин демилгеси менен, иштеп жаткан укуктук нормативдик актылардагы коорупциогендик факторлорду аныктоо, алардын коррупциогендик деңгээлине баа берүү жана превентивдик антикоррупциялык механизмдерди жайылтуу маселелери тууралуу кеп кеңештерди иштеп чыгып, мыйзамдуулукту жакшыртуу максатында түзүлгөн.

Жумушчу топко үч айлык мөөнөттө, "Билим берүү", "Мектепке чейинки билим берүү", "Баштапкы профессионалдуу билим берүү", "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучуларга тамак аш берүүнү уюштуруу" мыйзамдары боюнча антикоррупциялык экспертизаны жүргүзүү жана коррупциялык факторлорду жойуу же кыскартуу сунуштары менен жыйынтык ишин даярдоо.

Жумушчу топтун курамына "Майыптарга юридикалык жардам берүү" коомдук фондунун президенти Толкунбек Исаков, EdNet Билим берүү мекемелеринин ассоциациянын кеңешмесинин мүчөсү Арстан Жаналиев, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин юридикалык институтунун директору Жаныбек Бокоев, Билим берүү боюнча демилгелерди колдоо фондунун директору Александр Иванов, "Билоу" коомдук фондунун юрист-эксперти Елена Гайворонская кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД