Токон Мамытов: Чек ара боюнча жиберилген каттарга Ташкент жооп кайтарган жок

"Чек арага байланыштуу маселелери тууралуу Кыргызстандан жөнөтүлгөн каттарга Ташкент жооп кайтара элек", - деп бүгүн, 15-мартта, КРдин чек ара кызматынын коллегиясындагы журналисттер менен болгон кезигишүүдө анаын төрагасы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, чек аралардын делимитация жана демаркация маселелери боюнча мамлекеттик комиссия иш алып барууда, бирок КРдин чек ара кызматы да талаш участоктордогу кыйынчылыктарды чечүүдө кол кабыл кылышып жатат. "Кыргыз Республикасынын өкмөтү Өзбекстанга делимитация жана демаркация маселелерин тез арада чечүү боюнча каттарын бир нече жолу жиберген. Бирок Ташкент ушул күнгө чейин жооп кайтара элек", - деп Мамытов журналисттерге билдирди.

Ошондой эле ал Тажикстанга болгон акыркы иш сапарында алар менен биргеликте чек арадагы талаш участокторду кайтаруу тууралуу макулдашышканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД