Парламент алдында бизнести колдоо кеңешин түзүүнү сунушташты

Бүгүн, 15-мартта, "Ар-Намыс" фракциясынын отурумунда депутат Талантбек Узакбаев парламент алдында бизнести колдоо кеңешин түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, бийлик мүчөлөрүнүн ишкерлерди текшерүү азайды дегенине карбастан, текшерүүлөр көбөйүп келет. "Жалкоолору эле кылбаса калгандарынын баардыгы бир аз тыйын-тыпыр жасап алуу максатында ишкерлерге текшерүү уюштура беришет. Текшерүү органдарынын жаш кызматкерлери бизнесменди текшерүүгө келгенде өздөрүн өтө орой алып жүрүшөт экен. Алар ишкерлерди УКМК же ИИМге алып барып, психологиялык кысым көрсөтүшөт. Бүгүн бизнес өкүлдөрүн коргогон эч ким жок. Коргоого муктаж болуп кайрылган 46 фирма мамбюджетке 700 млн сом которушкан. Жалпысынан болсо бизнес чөйрө мамказынага жылына 18-20 млрд сом жөнөтөт", - деди Узакбаев.

Бирок, бир катар депутаттар бул сунушка каршы чыгышты. Анвар Артыков "мындай кеңеш сөзсүз керек, бирок, мыйзам чыгаруучу жогорку орган алдында эмес", - деди.

Буга Узакбаев "бизнесмендерди мыйзам коргош керек, ошондуктан мындай кеңеш ЖКнын алдында гана болушу керек", - деп жооп кайтарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД