2012-жылдын мыкты оюнчусу АФК Кубогуна катышпайт

2012-жылдын мыкты оюнчусу деп аталган Азамат Байматов ден-соолугуна байланыштуу, АФК Кубогунда курама команда үчүн ойнобойт. Бул тууралуу, Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков билдирди.

Анын айтымында, старт алдында Азамат Байматовдун оорусу аныкталган. "Ал өз кичи мекенине Ошко жөнөп кетти. Мындан ашык маалымат бере албайм, себеби, бул жеке жашоого кийлигишкендик. Бирок, бул ооруусу спортко жана андан алган травмаларга байланышы жок", - деди тренер.

Машыктыруучунун билдиргенине караганда, Байматов кийинки оюндарга да катышпайт, жана узак убакыт мелдештерге чыкпайт.

Эске салсак, ушул жылдын башынан тартып, Байматов Казакстандын "Окжетпес" клубу үчүн ойной баштаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД