Бишкек шаарынын жашоочусуна куралдуу кылмышкер кол салган

Октябрь районунда бычак менен куралданган 37 жаштагы кылмышкер камакка алынды. Бул тууралуу шаардык ШИИБнин пресс-кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, кылмышкердин колунан 62 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну жабыркаган. Өткөн дем алыш күндөрү кечкисин "Кара-Жыгач" жаңы конушунда бей тааныш киши абышкага кол салган. Бычак менен коркутуп, андан уюлдук телефонун, 5 миң сом жана алтын шакегин алып алган.

"Мыйзам" тартип рейди учурунда Октябрь РИИБсинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунан келген 37-жашаар кылмышкерди кармашкан. Учурда ал ШИИБнин убактылуу камагында отурат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД