Мэр шаардык кеңештин бюджеттин кыска мөөнөттө бекитип берүүсүн өтүндү

Бүгүн, 18-мартта, жалпы шаардык бюджет каралып жаткан учурда Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаардык кеңештин депутаттарынан борбордун бюджетин тезирээк бекитип берүүсүн суранды.

"Мен депутаттардан бюджетти тезирээк бекитип берүүсүн суранат элем. Биз жолдорду оңдоого киришибиз керек. Шаар тургундары жолдордун акыбалына нааразы. Мен да нааразымын, бирок буга объективдүү себептер бар – бул бюджеттик каражаттын жетишсиздиги. Быйыл биз шаардын казынасына 8 млрд сом сураганбыз, бирок иш жүзүндө болгону 6 млрд 375 млн гана алдык", - деп нааразычылыгын мэр билдирди.

Өмүркулов жолдордун оңдоп түзөөсүнө жакынкы аралыкта киришээрине сөз берди. Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов да өз кезегинде, анын атына көпчүлүк коалициясынан бюджетти кыска мөөнөттө бекитүү зарылчылыгы тууралуу кат келип түшкөн. "Алар бул маселени тез арада чечип, 20-мартта бюджет бекитүү боюнча сессия өткөрүүнү сунуштап жатышат", - деди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД