Бишкекте тоо туризминин техникасы боюнча алгачкы чемпионат өттү

Бишкекте тоо туризминин техникасы боюнча жабык залдагы алгачкы чемпионат болуп өттү. Бул тууралуу шаардык спорт комитет кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, мелдеште ишкана, уюм, фирма, ЖОЖ, туристтик клуб жана шаардык секциялар болуп 26 команда катышышты.

Мелдештин жыйынтыгында Карина Цой – Роман Байнуров, Элзат Абдрахманов – Аскат Кубанычбек уулу, Айчолпон Эсенаалы кызы – Мидина Эмиль кызы, Иван Исаев – Тимур Суюнбаев, Александр Русских – Алина Кулатова топтору өзгөчө даярдыгын көрсөтө алышты.

Мелдештин негизги калысы Альшат Даутовдун айтымында, жабык залда мындай мелдеш алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. "Мурда биз мелдешти табигый рельефте гана өткөрүп келгенбиз. Бирок, март айында суук болгондуктан тоолордо дале кар жатат. Ошого байланыштуу скалодромдо өткөрүүнү чечтик", - деди Даутов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД