Жогорку сот өзүн өзү өрттөгөн аялдын уулуна болгон облсот чечимин жокко чыгарды

Кыргызстандын жогорку соту Фархат Орозакуновду 13 жылга эркинен ажыратууну чечкен Нарын облустук сотунун чечимин жокко чыгарды. Фархад "Ак үйдүн" алдында өзүн-өзү өрттөгөн Жыпаркан Омурованын уулу. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, Омурова өзү билдирди.

Жыпаркан Омурованын айтымында, анын уулунун иши шаардык сотко кайтарылган.

Жабыркаган Темирлан Асанакуновдун энеси Жумагүл Абдылдаева Жогорку соттун мындай чечимине макул эмес. "Бул соттордун сатылып кеткендигин ачык айкын көрсөтүп турат. 21-марттан кийин мен аянтка митингге чыгам", - деди Абдылдаева.

Эске салсак, 31-январда Омурова каршылык акциясы катарында "Ак үйдүн" алдында өзүн-өзү өрттөө аракетин көргөн. Ал Нарын облусттук сотунун анын уулун 13 жылга соттолуп кетишине нааразы болгон. Натыйжасында анын бети жана мойуну II жана III деңгээлде күйгөн деп аныкталган. Анын туугандары облусттук соттун өкүмүн Жогорку сотто кароого арыз жазышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД