Алмазбек Атамбаев: Энергосистемадагы ууручулук көнүмүш адатка айланып калды

Бүгүн, 18-мартта, Кыргызстандын Коргоо кеңеши энергетикалык сектордогу өнүгүү жана реформа тууралуу чечимди жактырды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча, Энергетика жана өндүрүш министрлиги кардиналдуу, анын ичинде кадрдык, реформаларга муктаж. Анын айтымында бул тармакта мурунку режим алдында иштеп жаткан кадрлар дагы деле иштеп келишет. Натыйжасында коррупциялык схемалар дале иштеп келет. "Бул системадагы ууручулук көнүмүш адатка айланып калды. Көптөгөн жылдар бою бир системада иштеп келген киши өзгөрө албайт", - деди Атамбаев.

Энергетика тармагындагы абалдан Кыргызстандын коопсуздугу толугу менен көз каранды. Кыш мезгилиндеги газдын өчүрүлүшү миңдеген үй-бүлөлөрдүн жарык жана жылуулуктун жок болушуна алып келди.

Ошондой эле Атамбаев электрэнергиясына болгон баанын көтөрүлүшүнө караманча каршы чыкты. Азыркы баа менен эле бөлүштүрүүчү компаниялардын калкка саткандагы рентабелдүүлүгү 112%, ал эми өндүрүштөргө сатканда 354%.

Президент бул тармак жоготуулардан арылып, сырттан инвестицияларды алып келүүсүн шарттоо үчүн энергетикалык тармактын башкаруу системасын өзгөртүүнүн үстүндө иштөөгө чакырды.

Жыйында энерго тармактагы коррупциялык схемаларды жеңип чыгуу боюнча сунуштарды фракция жана министрликтердин жетекчилери айтышты. Ошондой эле энергетика жана өндүрүш министри Автандил Калманбетов менен Эсеп палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова отчет беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД