Иран да темир жол салып берүүнү сунуштады

Иран Кыргызстанга кытай темир жолуна альтернатива боло турган темир жолун салып берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциацясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, кытай темир жолуна альтернатива катары сунушталып жаткан темир жол магистралы бекер салынат.

"Иран, Афганистан, Өзбекстан, Кыргызстан аркылуу өтүп, Кашгарда бүтө турган темир жол салууну пландап жатышат. Кыргызстанга бул чынжырчага бекер кошулуу сунушталууда. Башкача айтканда өткөрүү пункту Иркештам аркылуу салынат. Сүлүктүдөн кийин темир жолдун бир үзүндүсү бар. Кытай тарап 6 млрдга далларга салып беребиз деген темир жол бизге бекер эле салынышы ыктымал", - деди Акенеев.

Иран тарап кыргызстандык темир жолчуларды бир нече жолу сүйлөшүүлөргө чакырган. Ошого карбастан бул долбоорду кабыл алуу же кабыл албоо тууралуу эч кандай расмий жооп бериле электигин Акенеев белгиледи.

"Башкача айтканда, биз ооба же жок дей элекбиз. Эгер биз Иран тарапка макулдугубузду бере турган болсок, анда кытай магистралы жок болуп кетет. Менин оюм боюнча, темир жолдун салынышына кимдир бирөөлөр кызыкдар. Биздин калк темир жолдун салынышы эмнеге алып келээрин такыр билбейт. Ошону да эске алуубуз керек", - деп эксперт жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД