Нооруз майрамына карата Бишкекти 400 миң сомго кооздошту

Нооруз майрамына карата Бишкектин көрктөндүрүшүнө мэрия 400 миң сом сарптады. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта, социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айгүл Усубакунова маалымдады.

Анын айтымында, майрамдык иш чаралар шаардын бардык аймактарында өтөт. Бирок эң масштабдуусу 21-мартта, саат 11де Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Ага миңден ашык конок чакырылган.

"Алмазбек Атамбаев да концертке катышат. Ошондой эле саат 14дө Бишкектин борбордук аянтында бир-эки сааттык майрамдык концерт башталат. Эски аянтта спорттук иш-чаралар пландашылган. Акимиаттын колдоосу менен төрт паркта да балдар жана чоңдор үчүн майрамдык мааракелер өткөрүлөт", - деп Усубакунова билдирди.

Вице-мэр быйыл бардык жаңы конуштарды да камтыганы аракет кылабыз деп кабарлады. "Бардык 47 жаңы конушта акимиат жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен салтанаттуу чаралар уюштурулат. Быйылкы жылы элдин көңүл ачуусуна көбүрөөк басым жасалат", - деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД