Жүк ташуучу машинелердин ашыра жүк жүктөө маселесин чечүү зарыл

"Жүк ташуучу унаалардын ашыра жүк жүктөө маселесин мамлекеттик органдардын чечүүсү зарыл. Бул көйгөйгө бизнес-коомчулукту да тартуу керек", - деп бүгүн, 19-мартта, Өкмөт алдындагы инвестиция жана бизнести өнүктүрүү кеңешинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жүк ташуучулар дөңгөлөк огуна уруксаат берилген 10 тоннадан алда канча көп жүк артып алышууда.

Жакында эле түзүлгөн жумушчу топ түндүктөн түштүккө жана кайра кетүүчү жук ташуучу унаалардын дээрлик 60% эрежелерди бузуу менен жүрүшөөрүн аныктаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД