Кыргызстанда паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн эки бөлүм ачылат

Кыргызстанда паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн Бишкек жана Ошто эки пилоттук бөлүм ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта, "Кыргызстанда паллиативдик жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү" темасындагы тегерек стол учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Роза Жакипова билдирди.

Анын айтымында, 60 орундук бөлүмдөрдү ачуу пландалууда. Каржылоо алгачкы мезгилдерде республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Жардамга муктаж болгон бейтаптарды ҮМБнун онколог-дарыгерлери аныктап, көзөмөлгө алышат. Алар пациенттердин үйүнө барып, ооруну басаңдатуучу жана симптоматикалык препараттардын өлчөмүн кооректировкалап, медайымдык жана психосоциалдык жардам көрсөтүп турушат. Зарылчылык болсо, бейтаптар бир аз жеңилдеп калганга чейин, кыска мөөнөткө паллиативдик жардам бөлүмүнө госпитализацияланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД