Баскетбол: кыргызстандыктар "Нооруз" турниринде АКШдан утулушту

Кыргызстандын курама командасы "Нооруз-2013" эл аралык турнирдин экинчи оюнунда утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын баскетбол федерациясы билдирди.

Алардын берген маалыматына ылайык, кыргызстандыктардын экинчи оюну АКШнын AIA

командасы менен өтүп, 121:88 эсеби менен меймандардын пайдасына чечилди. Ошондой эле ал күнү Азербайжандын курама командасы казакстандык "Капшагайды" 95:88 эсеби менен жеңип чыкты.

Натыйжасында экинчи күндүн жыйынтыгы менен турнирдик тизмекте Азербайжандын курама командасы алдыда, AIA командасы экинчи, үчүнчү позицияда "Капшагай" жана Кыргызстан акыркы орунда.

Бүгүн, 20-мартта, "Капшагай" менен AIAнын ортосунда биринчи оюн болуп өтөт. Экинчи оюнда Кыргызстан менен Азербайжан беттешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД