Нарындагы банктын филиалынын кароолчусу аялына ок атты

Нарындагы банктын филиалынын кароолчусу аялына ок атты. Бул тууралуу ИИМдин кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 19-мартта саат 8 де, жеке менчик коргоо агенттигинин кызматкери банктын имаратында олдоксондугунун айынан жубайын өлүрүп алган. Учурда кандай шартта ок атылганын аныктоо үчүн иликтөө ишитери жүргүзүлүп жатат.

Алдын-ала берилген маалыматка ылайык, коргоо агенттигинин кызматкери тапанчасын текшерип жатып, байкабастан атып алган. Атылган ок кароолчунун 21 жаштагы жубайына тийген. Жаракаттан жабыркаган келин каза болгон. Ошондой эле кароолчу инструкциянын жоболорун сактабастан жубайын кайтарылып жаткан объектиге киргизген. Анын айтымында "Үйдө жалгыз калгандан коркон жубайына боор оруп жанына алып алган".

Нарын ИИБсинин иликтөө бөлүмү "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кароолчу убактылуу камакка отургузулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД