"Ысык-Көл" экопостундагы шлагбаумдар автоматташтырылды

Бүгүн, 25-мартта, 11:30 дан баштап, "Ысык-Көл" экопостунда автоматташтырылган шлагбаумдар иштей башташты. Автоматташтырылган техника, биосфералык аймакка кирүү жана аны колдонуу үчүн чогултулган каржаттын ачык айрым болуусуна жана каражат чогултууда адамдык факторду азайтуу максатында, өкмөттүн буйругу менен тургузулган.

Экопостун ишин оптималдаштыруу үчүн жеңилдетилген шарттар менен колдонуучулардын тизмеги кыскартылды. Жаңы иш-тартибине ылайык, ысык-көлдүк мамномерлери бар унаалар, ИИМдин атайын унаа каржаттары, тез жардам унаасы, ЧКМ, айлана-чөйрөнү сактоо органдары жана аскерий унааларга льгота берилет.

Биосфердик аймакка өтүү үчүн төлөмдөрдүн баасы, мурунку бойдон калды: өлкөнүн башка региондорунан келген жеңил унаалар - 50 сом, жүргүнчү жана жүк ташуучу унаалар – 100 сом. Чет элдик мамномерлери менен келген автоунааларга – 500 сом.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД