Талаа иштерине 41,2 миң тонна дизелдик отун керектелсе, анын 21,2 миңи гана бар

Быйылкы жазгы талаа иштерине 41,2 миң тонна дизелдик отун керектелет деп пландалган. Учурда анын 21,2 миң тоннасы өлкөдө турат. Бул жалпы муктаждыктын 51,5%ын түзөт. Аны жеткирүүдө үзгүлтүккө учуроо азыр байкала элек. Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы менен айыл-чарба министрлигинин ортосунда түзүлгөн меморандум так аткарылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта, айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле дыйкандар "Газпромнефть Азия" ишканасы менен түзүлгөн келишим боюнча арзандатылган май алууну жакшы колдонбой атканын белгиледи. "Айыл өкмөт башчыларына кайрылат элек, түзүлгөн мүмкүнчүлүктү толук пайдаланышса. Эгер алар нефтебазалардан күйүүчү майды ала турган болсо 2,4 сомго арзан, ал эми май куюучу жайлардан алса 80 тыйынга арзан болот. Андыктан жеңилдетилген май алуу шарттарын карап, ошондон пайдаланышса дыйкандарга да жакшы болот эле", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД