Кыргызстандыктар веложарышта үч медаль алышты

Кыргызстандын веложарышчылары "Алматы жазгы кубогу" деп аталган маунтинбайк (тоо велосипеди) боюнча жарышта үч медаль алууга жетишишти.

Мелдештин уюштуруучалыры билдиргендей, турнир эки жүрүштөн турат: квалификациялык жана финалдык. Катышуучулар "өспүрүмдөр" жана "элита" категориялары болуп бөлүшүштү. Биринчи категорияда Илья Дробышев финишке экинчи болуп келсе, Артем Решетников 3-орунду ээледи.

Чоңдордун "элита" категориясында алдыңкы эки орунду казакстандыктар алышып, коло медалды Роман Хрипченко алды.

Мелдеш "даунхилл" (ылдамдык менен ылдый түшүү) дисциплинасы боюнча, 23-мартта Алматы шаарында өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД