Кургак учук оорусун жайылткандыгы үчүн жазаны катулатуу зарыл

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, кургак учук оорусун жайылткандыгы үчүн Кылмыш кодексиндеги жазаны катулатуу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-мартта, социалдык саясат боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады.

Министрдин айтымында, камакта отуруп, кийин бошотулган кылмышкерлер кургак учуктан дарыланууну жана учетко турууну каалашпайт. Алар илдеттин жайылтуучулары болуп саналат. Депутаттар Кыргызстандагы кургак учуктун тез жайылышына кабаатыр болушууда.

Профилдик комитеттин жетекчиси Дамира Ниязалиева "Кургак учугун жайылтып жаткандарга карата Кылмыш кодексиндеги жазанын күчөтүлүшүн колдойм", - деди.

Ыргал Кадыралиева өз кезегинде, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр анын да көтөрүп жаткан демилгеси менен үндөшүп кетерин белгиледи. Ал ВИЧ-инфекциясын жайылткан жарандарды да жоопкерчиликке тартуу керектигин айтып чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД