Россиялык туркомпаниялардан билдирмелер келе башташты

Россиялык туроператорлордон Ысык-Көлдүн пансионаттарындагы жайкы эс алууга алгачкы билдирмелер келе башташты. Бул тууралуу "ВБ"га Москва шаарындагы "Торговый дом "Кыргызстан"дын жетекчиси билдирди.

"ТДК" быйылкы жылдан баштап, РФтин туристтик компаниялары менен көлдүн кээ бир санаторий жана пансионаттарынын ортосундагы ортомчулук милдеттин аткарат.

"ТДК"нын генералдык директору Обозкан Сардарбековдун айтымында, жайкы эс алууга билдирмелер эки-үч айда дагы көбөйөт. "Эс алуучулардын республикага келишинин негизги шарты – бул стабилдүүлүк жана туристтик инфраструктуранын өнүгүүсү", - деди Сардарбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД