Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев Бишкекте унаа утуп алды

Бишкекте жаңы бильярд клубдун ачылышына карата "москва пирамидасы" дисциплинасы боюнча бильярд турнири өттү. "Бильярд Спорт" журналы маалымдагандай, турнирде Кыргызстандын эң мыкты делген бильярчыларынан тышкары Казакстандан Ернар Чимбаев жана Эмиль Мударисов катышышты.

Жарым финалга жаш оюнчу Дастан Лепшаков, Зайлан Адамов, Каныбек Сагынбаев жана казакстандык Мударисов чыгышкан. Үчүнчү орунду Мударисов Лепшаков экөө бөлүшүштү. Ал эми финалдык беттешүүдө Сагынбаев Адамовду 6:4 эсеби менен утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Сагынбаевдин машыктыруучусу Константин Коробовдун айтымында, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Сагынбаев башкы байге - "Вольво" маркасындагы унаа утуп алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД