ЖККУнун генкатчысы Борбор Азиядагы коопсуздук тууралуу айтты

Бүгүн, 26-мартта, Бишкекте Кыргызстандын уюмдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулган "ЖККУ жана Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздандыруу маселелери" темасындагы ЖККУга мүчө мамлекеттеринин серепчилеринин тегерек столу өттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат, маданият жана басма сөздү башкаруу бөлүмү кабарлады.

ЖККУнун генкатчысы Николай Бордюжага сөз берилген учурда ал, Борбор Азияда коопсуздук маселеллери актуалдуу болуп турган кезде жамааттык коопсуздук системасын өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Иш сапары учурунда Бордюжа ТИМ министри Эрлан Абдылдаев, ӨКМ министри Кубатбек Боронов, БУУнун Генералдык катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатиянын регионалдык борборунун жетекчиси Мирослав Енче менен кезикти. Андан тышкары КРСУнун профессор-мугалим курамы жана студенттер менен жолугушууга жетишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД