Бишкекте жолду оңдоп түзөө иштери башталды

Бишкекте жолду оңдоп түзөө иштери Токомбав көчөсүндө - Байтик Баатырдан Сухэ Батор көчөсүнө чейин, Гагарин көчөсүндө - Тынчтык проспектисинен Чапаев көчөсүнө чейин, Чапаев көчөсү – Гагаринден Лев Толстой көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Жолдордо эски асфальт бети демонтаждалып, эски бордюрлар алынары белгиленет.

Асфальт бетин салуу жана оңдоо иштери, бар болгон курулуш норма жана эрежелеринде каралган бардык технологиялык талаптардын сакталышы менен жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД