Түштүк Кореянын элчиси КРдин экономикасынын ачыктыгын жактырды

Бүгүн, 26-мартта, парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гюну кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу учурунда тараптар жеңил өнөр жай, саламаттык сактоо, айыл чарба жана туризм тармактарындагы кызматташуунун перспективалары тууралуу ой бөлүшүп, эки өлкөнүн парламентарийлеринин келечектеги кезигишүүлөрү тууралуу кеп козгошту.

"Кыргызстандын ачык экономикалык системасы, адам ресурсу бар. Ошондой эле ал Кытай, Борбор Азия региону жана Россия рыногуна оңой эле чыга алат. Бул айтылган тармактарга инвестиция тартып келүүгө жагымдуу шарт түзөт", - деди Ким Чанг Гю. - Ошондой эле агроөндүрүш комплексиндеги эксперименталдык долбоор Кыргызстандын дыйкандарына өз иштеринде жаңы технологияларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет."


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД