Жаңы окуу жылына карата 63 мектеп салынат

Кечээ, 26-мартта, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Капиталдык каржылоо" беренесинин негизинде республикалык бюджеттин эсебинен курулуш жана курулуш объектилерин каржылоо маселесин козгоп, иш жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтуу саясат бөлүмү кабарлады.

Сатыбалдиев быйылкы окуу жылынын башталышына чейин 63 мектеп эксплуатацияга киргизилиши пландалганын баса белгиледи.

"Өз убагында бүтүрүп, эксплуатацияга берүү жана анын сапаты үчүн Архитектура курулуш жана үй чарбасы мамагенттиктин директору Каныбек Нарбаев жеке жоопкерчиликте. Биз быйыл, былтыркыдай курулуш сезонун кечиктирбей баштообуз зарыл. Себеби, пландалган социалдык объектилерди өз маалында бүтүрүү керек", - деди премьер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД