Оштун 50 миң жашоочусуна таза суу тартылып келди

Оштун түштүк-батыш тарабындагы 50 миң адам, №5 насос станциясынын салынышынын натыйжасында, таза суу колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу кечээ, 26-мартта, "Амур-Темир" жаңы конушунун аймактык кеңешинин төрагасы Хашим Ахмажанов билдирди.

№5 насос станциясынын курулушун Дүйнөлүк банктын каражатына АРИС агенттиги ишке ашырды. Чакан салымын Ош шаарынын мэриясы жана КРдин бийлиги да кошушту. Жалпысынан курулуш иши 234,8 млн сомго айланды.

Ахмажановдун айтымында жаңы насос станциясы таза суу менен "Калинин", "Достук", "Туран", "Амур-Темир" жаңы конуштарын жана төрөт үйүн камсыздайт.

"Таза суу жергиликтүү жашоочулардын эң орчундуу көйгөйлөрүнүн бири эле. Биз суунун баркын билебиз жана суукуурунун салынышын көп жылдан бери кыялданып келгенбиз", -деди аймактык кеңештин төрагасы.

Долбоордун негизинде суукуур башкы көчөлөр аркылуу салынып, андан ары суу түтүктөрүн өз үйлөрүнө, жашоочулар өздөрү тартып алып жатканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД